кайчыла1
- Кайчы менен кесүү, кыркуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Балбандык белги башында, / Кулагында эшектин, / Кайчыланып делдейип, / Койбоочудай дүйнөнү, / Үйлөгөн мештей дердейип, / Бойунан чоң курсагы, / Бооз катындай чердейип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
— деп, / Кайчылап Тору ат кулакты, / Эки жагын каранып, / Токтой албай элеңдеп: / “Тай жарышым тар эле, / Баса берсем бурулбай, / Талаага мени чыгарбай, / Кармап алар бекен, — д…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…, / Ат үстүндө сүзүшүп, / Мурундун каны тамчылап, / Кеңкула менен Тармалкөк, / Ат айабай камчылап, / Ажырата тарталбай, / Жанга өлчөлүү тулпарлар, / Кулактарын кайчылап, / Капталга атты салышып, / Кандыргалап жарышып, / Эңиш менен жарышып, / Эликтей колун сайылтып, / Асабасын жайылтып, / Өргө салып тартышып, / Минип жүргөн атт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Качырышып сайышып, / Сайдырбастан кагышып, / Апыр-шапыр алышып, / Айанбастан барышып, / Каңкылдата калышып, / Каршы-терши кайчылап, / Канжарды тиреп майышып, / Ээрдин бекем тиштенип, / Өжөрлөнүп тайышып, / Кезекке тура калышып, / Кезгерип кайра сайышып, / Бирин бири жеңген жок, / Кызыл канга малышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сомбилек жаткан чоң жыгач, / Ар шагына ар түрдүү / Канаттуулар уйалап, / Тегерек канат болгондо, / Балапандар эсирип, / Чалгындарын кайчылап, / Алды калды жетилип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →