кайчы
- Бири-бирине кайчылашкан эки жаагы менен бир нерсе кесүү, кыркуу үчүн колдонула турган үй буюму, курал.
- Бирине бири туура келбеген, окшоштугу, жалпылыгы жок, эки башка.
- Каршы-терши, бирине экинчиси кайчылашкан абалда.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайчы кулак каман алп, / Жез киндиктүү кикимат, / Темир тондуу шалкымат, / Манжудан чыккан канча алп, / Калтырбай баарын соргону, / Күн чыгыш эмес күн батыш, / Жети …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ай дегенде, / Турду Бакай ордунан, / Кармай алып колунан, / Тунук сөз чыгат оозунан, / Алтынга башын бөгөгөн, / Айагын датка жөлөгөн, / Караңгыда жол тапкан, / Кайчылыкта эп тапкан, / Туйуктарда жол тапкан, / Түртүшкөндө кеп тапкан, / Аксакалың жайкаган, / Аселдеп оозун чайкаган: / — Ай, ай, досум, тура тур, / Менин сөзүм уга ту…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайчы кулак кыйчалыш, / Алдыда келет Гүлчоро.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Балапан жерге жеткени, / Бир канаты, бир колу, / Кайчы сынып кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Мына мында биздин багыбызга кайчы келгендей апсыйып, четтен келген дагы бир-эки немелер отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →