кайтыш

китептерде 19 жолу, 8 китепте
  1. Келген жагын карай кайтуу, жөнөө учуру, кетер маалы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жатып калды кайтышып, / Мактанып кебин айтышып, / Шоорук хан жатты уктабай, / Көз жума албай таң атты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
- / Чыйпы, Мыйтык бакырып, / Жообун айтып шар кылып, / Арстан Манас баатырга, / Андан калган жалпыга, / Буга арга табышты, / Убада кылып кайтышты; / Ачып көздү жумганча, / Топону алып колуна, / Булутту салды жолуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…/ Деп алып бир түн жатыңар, / Тамак ичип жайланып, / Анан уруш салыңар, / Гүлүстөнтөн кеп келип, / Сейитек менен Кутургур – / Бул экөөнө эп келип, / Жай-жайына кайтышты, / Аттарын суутуп жатышыты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Талдын башын бурушуп, / Маңдай-тескей турушуп, / Акийнегин айтышып, / Беттешип тамам кайтышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Үркүндө Кулжага барып кайтышыптыр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →