кайтара
- Дагы кайрадан, экинчи ирет кайталап.
- Артын карай, чегинте мизин кайтарып.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ат чалсын деп олтуруп, / Уктап калды торойуп, / Алыстап кетпей Кеңкула, / Кененимди караандап, / Күн кызарып баткандан, / Күн чыккынча жаркырап, / Кененимди кайтарат, / Кененим жаткан жылгага, / Кайберенди оттотпой, / Азуулуну жолотпой, / Канатууну кондурбай, / Жыйырма бир күн кайтарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жайнатып мээсин чагайын, / Тапан ханды талкалап, / Сулуу кызды алайын, / Кылыгын көрүп сулуунун, / Кызыгына канайын, / Тапан хандын Шоркөлүн, / Жашыл жээктин элдерин, / Баарын колго алайын, / Таластагы кыргызды, / Такыр талап чабайын, / Каш кайтараар жок калат, / Падыша болуп алайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Индистан, Ооган, Испандан, / Каш кайтараар калбаган, / Бир аз күмөн кыламын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Кой кайтарат экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Биз тирүүбүздө тийбейбиз, күчү жетсе, бизди өлтүрүп алсын, – деп келиндери жооп кайтарат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →