кайтар

китептерде 182 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсени ар кандай коркунучтан, кол салуудан (уруудан, душмандан ж.б.) сактоого камкордук кылуу, көздөө, кароо.
  2. Алган же берген нерсенин кайрып берүү же алуу.
  3. Дагы кайталоо, кайталап чыгуу.
  4. Сураганын, айтканын орундатпай, бирөөнү капа кылуу, шагын сындыруу, көңүлүн оорутуу.
  5. Кайта артка кетирүү, чегинтүү, күчүн, мизин майтаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аз келгенсип анысы, / Бетирке менен экөөбүз, / Эрмектешип олтурсак, / Бизди неге кайтарды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Дарбазаны бекиткен, / Килити да бир темир, / Кайтарган киши бир канча, / Карабады аларга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Төө кайтарттың мени сен, / Унаа бербей баскын, деп, / Жөө кайтарттың мени сен, / Эмне кылган кишимин, / Ой, арамкор, сага мен?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Тамактан кийин тышка чыгып баратсам, Василий эшиктин алдынан колумдан кармап, токтотуп алды да, уйларды кайда кайтарууну түшүндүрдү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Балдары күн сайын бак-дарактарды кайтарышса да, күн сайын бактан бирден алма жоголо берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →