кайтала

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Иштелген, аткарылган же айтылган, кеп кылынган нерсени кайрадан жасоо, кайталап чыгуу, ошол эле аракетти кайрадан баштоо дагы кайтаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Татылда койгон астырып, / Канчадан айткан кайталап, / Азыр бол деп Нурзатка, / Улам-улам тапшырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алмамбет айтса, акыл кеп, / Айкөл албай макул деп, / Ааламдан өттү деп угам, / Айтканымды унутуп, / Как ошондой болбо деп, / Кайталап сага тапшырам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кайталап жана бир койду, / Оозунан аккан кан болду, / Жудуруктан бири өлдү, / Маңгыттын башы маң болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Мындай чыкса кайталап ырдай берүүчү бир ыры бар эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Экинчи жолу бала отургучту чаап сөзүн кайталайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →