кайт1
- Келген жагына кайра жөнөп кетүү.
- Жумшалган, сарп кылынган нерсенин (эмгектин, мээнеттин ж.б.) үзүрү көрүнүп, ийгилиги болуу, пайда чыгуу.
- Адепки абалынан төмөндөп кетүү, басаңдай түшүү, мурдагысындай болбоо.
- Айткан, деген сөзүнөн, берген убадасынан жануу, баш тартуу, сөзүндө, убадасында турбоо, айтканын кайра алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жашырбай кебиң, айтып кет, / Өз элиңе кайтып кет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Каңгайдан келген калмакты, / Кайт десеңер болбойбу, / Арзың болсо ичиңде, / Айт десеңер болбойбу!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көөн ооруңдун баарын айт, / Жик-жигинен айрып айт, / Болгон иштин дайнын айт, / Көр оозунда турасың, / Ушунчаңда кайра кайт!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ысык күндө кечке жол жүрүп, арып-ачып келгенге карабастан, Беккул экөөбүз шаарга салып барып, түн кир-генче бир топ жерин кыдырып кайттык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Бул жерге келген кайтып кетчү эмес.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →