кайсы

китептерде 306 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсе жөнүндө аныктап, тактап суроо үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чапты деген кайсы эл, / Чабылганы кайсы жер, / Ушуну айта кетейин, / Андан кийин Курчундун, / Артынан кайта жетейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Кетти деп башым кесилип, / Кеп кылалбай турганда, / Кейпин көрүп булардын, / Мени тааныйт экен, деп, / Кененим айтат мындай кеп: / — Калтырап келип турасың, / Кайсы жактан келесиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Анда Жакып муну айтат: / — Алооке менен Кедеңдей, / Каалап алып бергендей, / Кайсы менин уулум бар? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кеткени жок ит талап, / Ар кайсы үйдүн алдына, / Келип калат аш сурап, / “Ай, Айчүрөк, Айчүрөк, / Ой, Каныкей, Каныкей,” / Деген кеби ушгулат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ар кайсы жерлерде анда-санда бурк эткен мылтык түтүнү гана көрүнүп калат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →