кайсар
- Бир ишти бүтпөй жатып экинчисине киришкен чалагайым, шашма, токтоолугу жок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түндүктө наамы орусту, / Жери жайлуу конушту, / Ыстамбулда Кайсарды, / Андай эчен канчаны, / Иран менен Иракты, / Мисир менен Кудусту, / Коросон, Испан элдери, / Аш беремин кел, деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Азамат элдин ырысы, / Ап-айкын сыймык мунуңар, / Каруулуу билек шер келди, / Качырса кайсар эр келди, / Жыгылсаң өйдө жөлөөчу, / Жаныңа кубат бел келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →