кайсала

китептерде 25 жолу, 8 китепте
  1. Бир нерсе издеп темселөө, таба албай убаралануу.
  2. Шашкалактоо, шашканынан эмне кыларын билбей калуу, шаштысы кетип карбаластоо.
  3. өт. Кайсоо, жок кылуу, жайлап таштоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аралап кирген жеринде, / Болот менен кайсалап, / Туулга кийген немесин, / Балта менен талкалап, / Сүрдүгүп келген немесин, / Найза менен көмөрүп, / Өжөрлөнүп Бактыбай, / Өчөшүп кирди көгөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…күндү чыгартып, / Кеңкула чуркап чаалыкпай, / Кылычты шилтеп Кененим, / Кырып жүрөт талыкпай, / Жердин бети чыпылдап, / Жуурулуп топо былчылдап, / Албарс менен кайсалап, / Абыдан кырып талкалап, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Чыдай албай коросон, / Чогуу турбай суйулуп, / Чаң созулта … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арбын жерин аскердин, / Аралап кирди талкалап, / Албарс менен кайсалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Калың жерге барганда, / Албарс менен кайсалап, / Беттешип чыккан беренин, / Балта менен талкалап, / Бура тартып качканын, / Тоңкойто сайып баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
— деп ыргып туруп, караңгыда керегеден бирдеме издеп жүрүп, кайсалап жүрүп мени ойготту. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →