кайсак2

китептерде 4 жолу, 3 китепте кайсак 1 →
  1. диал. Кайсы жак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайсаганы жолборстой, / Кармаганы илбирстей, / Катар сайды калмакты, / Бирине-бирин билгизбей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…гыз урушуп, / Он сегизден жашында, / Капсалаңдын суусундай, / Канды төккөн журтунда, / Баатырларга, баашага, / Баш ийбеген бир күн да, / Качырганы илбирстей, / Кайсаганы жолборстой, / Кадимтен эр атанган, / Касташканы соо болбой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бозала туйгун болпондор, / Боз карчыга солтондор, / Бу дүйнөлүк жолдоштор, / Оо дүйнөлүк колдоштор, / Качырганы жолборстой, / Кармаганы илбирстей, / Кайсаганы карышкыр, / Бири миңге барабар, / Кара башы жалгыз бир, / Кайрандардан айрылдым! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
— / Деп, Канчоро жулкунуп, / Кармаганы Ачалбарс, / Кайсаганы ач жолборс. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →