кайса

китептерде 17 жолу, 7 китепте
  1. Кыйрата чабуу, жок кылуу, талкалоо, жайлап салуу.
  2. Аймап-жаймап жиберүү, жеп коюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Качырганын кайсаган, / Камандан качып калбаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сууту канган абдан, / Жүгүрсө буга үн жетпей, / Өзү чалыш макмал жүн, / Басканына жел жетпей, / Оозуна бала ээ болбой, / Ойноп турат кайсаңдап, / Текечинин темир көк, / Койкоңбайдын Койчабдар, / Сугатчынын Карасур, / Жыгашчынын Көкала, / Жылтыркандын Торала, / Тымызындын Сарала, / Чоң вазирдин атактуу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Чынкожону жалмады, / Хан Толтойду кайсады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ “Бирден болсо найза, — деп, / Бирөө эмес төрт болсо, / Айткан экен түп атам, / Албарс менен кайса” – деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Карындан башкасын тез кайсап жибердим да карап калдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →