кайрымдуу
- Боорукер, кайрымы бар, күйүмдүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Жөнөкөйдө кайрылган кайрымдуулук эмес, башыңа түшкөн кара күндөрдө кылган кайрымдуулук...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Качан да болсо жардылар кайрымдуу келет дейт Жек Лондон.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
«Бечарага мындай кайрымдуу болорбу» — деп үйдөгүлөр кубанып жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Адил хан "ушундай элине кайрымдуу, бечарага дитин берген, эл үчүн туулган адамды өлтүрүүгө болбойт, биздин ичибизден чыккан бузукулар уруштурган турбайбы", дейт да Жоомартка таажысын кийгизип, тагына мингизип хан көтөрөт, өзү ага вазир болот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →