кайрыма
- Кандайдыр бир үн, обон, күүнү так өзүндөй кылып кайталап черткендик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сыртынан кызыл жамынып, / Боз уландар куш салып, / Кайрыма, чүрөк, куу алып, / Ак тайлактай чоң кууну, / Байланып жанга кубанып, / Кекилик менен чил алып, / Айырдын четин жээктеп, / Канжыгадан ашканын, / Куйушканга тээктеп,.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…тарын таштап адырга, / Аркарын аңдып жүргөн бар, / Текесин таштан кулатып, / Кызартып сойуп жаткан бар, / Өрдөк карап куу атып, / Кара суу бойлоп баскан бар, / Кайрымак салып буткулга, / Балыкты тосуп жаткан бар, / Көйнөгү жок жылаңач, / Ыштандан башка кийим жок, / Басып жүрүп жылаңбаш, / Ордо атып келем, деп, / Мен татыймын ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →