кайрыдин

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Башка дин, бөлөк дин, ислам дининен бөлөк дин.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чыгыш жагың бир бөлүн, / Батыш жагың бир бөлүн, / Кайрыдинден азыраак, / Беттеше албайт саа чыдап, / Батыш жактан бириң чык, / Чыгыш жактан бириң чык, / Кан төгүлүп той болбойт, / Жөө күрөшүп балбан жык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ата ордуна карманган, / Атам элең кеңеш бер, / Кайрыдиндик карарсам, / Канын суудай агызам, / Казакты кыргыз кырды, деп, / Жаман атка мен калам, / Ошонун таппай айласын, / Ортого кеңеш мен салам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Өз атасы кайрыдин, / Мал үчүн таштайт уйатын, / Абыке, Көбөш иниси, / Күнү катын балдары, / Абалын көрүп турасың, - / Абаң Кошой туралбай, / Сакалы ылдый жаш агып, / Сүйлөй албай булдурап, / Тили калды байланып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →