кайры1
- Бара жаткан багытынан имерип келүү, айдап келүү.
- Үзүү, толгой кармап, имерил, үзүп алуу.
- Толгоп жиберүү, имерүү.
- Бир нерсенин учун, четин имерип коюу, ичин же сыртын карай ийирүү, бүктөө же жапыруу.
- Кайра кайтарып берүү.
- Обондун, күүнүн белгилүү бөлүгүн кайталап аткаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргызга келген кайрыгер, / Ким болосуң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өз жеримде элимде, / Өчүгүшүп көрөйүн, / Өзгөчө көңүл бөлөйүн, / Өлүм келсе качпастан, / Кайрылбас жайга жөнөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Деп ушинтип Кутургур, / Бучкакка атты бир койуп, / Жүрүп кетти кайрылбай, / Теңдиктин жолу ушундай, / Сейтек калды кайгырбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Жакшы кеспесинчи анан, атаңдын көрүлөрдүн жөн эле көздөрүн өлүп алайын,— деди кетип баратып, кайрылып бизге карап.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кан элге дагы кайрылат:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →