кайраттуу
- Кайраты бар, күүлүү демдер, алдан-күчтөн тайбаган.
- Кайгыга, санаага жеңдирбеген, кайрат кыла билген, сабырдуу.
- Эр жүрөк, эч нерседен тайманбаган, коркпогон баатыр.
- Катуу, жумшак эмес (мис. чач, кыл ж.б.).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайраттуу канча жан өлгөн, / Кара кытай Зоңтары, / Касташып келген хан өлгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайраттууң ким, тыңың ким?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Карылардан калган кеп, / “Капкан жоону чындаса, / Кайраттуу катын алат” деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Качырып киргин деп, / Сен кайраттуу сөзгө келбейсиң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ал абдан балбан, кайраттуу, эр чыгыптыр.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →