кайраттан

китептерде 36 жолу, 9 китепте
  1. Санаага, кайгыга чөгүп кетпей, кайрат кылуу, өзүн өзү токтотуп, сабырдуулук, чыдамдуулук кылуу, чымыркануу, демденүү, кубаттануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Ким экеним сурасаң, / Атым Сакта билип ал, / Атамдын аты Чиктей хан, / Өлтүрүптүр Кененим, / Кунун кууп келатам, / Калдагай кулак Чойуналп, / Жез киндиктүү Кикимат, / Темир тондуу Шалкымат – / Үчөө экен бир тууган, / Чиктейдин өчүн алам, деп, / Кайраттанып бел бууган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…р танабы, / Үзүлчүдөй баштанып, / Турган булут карарып, / Ар кайда кетип таралып, / Жер айрылып суу чыгып, / Топурак учуп боз түшүп, / Сыргак, Чубак кутулду, / Кайраттанып тор үзүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайраттанды Карадөө, / Чоң чокморун колго алып, / Каарданды үңкүйүп, / Кабагың карашы ал салып, / Заарданып Карадөө, / Уйутуп койгон чойундан, / Жолум үйдөй чойун баш, / Опколжуп келип урганда, / Омкорулуп далай таш, / Карс-курс эткен үн чыгат, / Асманда учуп топурак, / Көктү тиреп зоңкойгон, / Тоо түгөнүп баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кайраттанган Жалгызек, / Кандай адам беттешет? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Чокморун тартып алганча, / Карап турбай аңгыча, / Кайраттанып Сомбилек, / Кабуусуна келди, деп, / Этектен түрө кармады, / Айабай күчүн жумшады, / Керк деген жылбас таш экен, / Сүйрөтүп кете албады, / Кармаган жаккы соотту… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →