кайрат1

китептерде 183 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсеге алы келерлик, алдуу, күүлүү деп айтарлык кубат, дем, эрдик, чыдамдуулук, сабырдуулук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кун кубалап алам деп, / Куру кантип калам деп, / Далайлар кылды кайратты, / Асмандан ташты кулатып, / Кылып көрдү айбатты, / Куландын сары сайында, / Козголбой жаткан эрлериң- / Калдагай кулак Чойун алп, / Жез киндиктүү Кикимат, / Т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көзүнүн агып кандуу жаш, / Өлдүбү, тирүү бар бекен, / Дайынын көрө албады, / Арстаның айбат үн берген, / Абасы кайрат күү берген, / Жаш баатыр карап турабы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Абам айтып жатат, деп, / Айкөлдү алды акылга, / Кайрат келди баатырга, / Бар кайратын бүт жыйды, / Жаман туйлап күч кылды, / Жетимиш темир тор экен, / Калтырбай үзүп түз кылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чоролордун канчасы, / Калыптыр Бейжин жеринде, / Манжу, кытай элинде, / Ошолор элдин түбөлүк, / Ойунан чыкпай сакталат, / Тирүү келген чоролор, / Бура басса кокустан, / Кылганы унут ташталат, / Өздөрүнө айтылып, / Өлгөнчө жаман ат калат, - / Деп ошентип Арууке, / Манаска айтты кайрат кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бакайга карап Гүлчоро: / — Абамды бекер кыйнабай, / Көз жашын төгүп ыйлабай, / Кайратты мыктап кылгыла, / Кепти менден уккула, / Эр Гүлүстөн мындай деп, / Семетейдин айтканын, / Баарын айтып жиберет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →