кайран1
- Ыйык, аялуу, сонун, ардактуу.
- Бирөөнү мыскылдоо, келекелөө маанисинде айтылат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Моңгулдар барып колбушуп, / Жанай чыгып жол тосуп, / Кырылышып кайран эл, / Кан агызып кетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өз уулун жоодой талаган, / Жакыптай какбаш карыны, / (Айтылып келет эмгиче, / Ооздон-оозго тарыхы) / Абыке, Көбөш – арамды, / Алаштан чыккан жаманды, / Канчоро жалгыз бейитти, / Бул төртөөнүн тушунда, / Ак калпак кыргыз кайран журт, / Айабай тартты кейишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Карап калып кайран шер: / “Кайрылбай кете берсемби, / Саламат менен Ачакан, / Таппай кайтып келгенде, / Кантер экен Дабытай, / Андан кийин көрсөмбү, / Суу толкутуп чайкалтып, / Толтура куйуп чайпалтып, / Келген күнүн көрсөмбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…етпесин, / Кескилеп этин кокустан, / Балакет ага жетпесин; / Азыркысын Алмамбет, / Айтканың кылып турайын, / Кызматтан мойнун бурбайын”- / Өзү менен иши жок, / Кайран Сыргак муну деп, / Хан Манастын камын жеп, / Тай жарышым калганда, / Кайра качты калдаңдап, / Эки этеги далбаңдап, / Эки буту салбаңдап, / Кебез өтүк, кең белб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кырк кыз кирип чогулуп, / Кирип кетти үңкүргө, / Семетейди жүрү, деп, / Кайран баатыр Кара дөө, / Тоону турду кекетип: / — Эр Семетей абамды, / Сен чыгарып бергин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →