кайрак2
- Суу чыкпагандыктан, сугарылбай айдалуучу жер.
- Ушундай жерге айдалган эгин.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чачыкей макал болгонун; / Кыйаздын туруп колунда, / Тулпардан калган туйакка, / Тунжурдан калган чунакка, / Сейтек атты койгонун; / Момунжан болуп Илегер, / Кайрактык киши Токтосарт, / Манастын досу Медеткер, / Гүлчорону сакайтып, / Зор Кыйазды сойгонун; / Таластагы тактага, / Сейтек ээси болгонун; / Тайтору чаап төлгөгө, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мелтиреп жаткан кайрак чөл, / Кыргоол барса жазган чөл, / Куйругу күйүп качкан чөл, / Кулан барса жазган чөл, / Туйагы күйүп качкан чөл, / Таз адам барса жазган чөл, / Маңдайы күйүп …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бакай менен Канчоро, / Кум кайрак таштан бүлөө алып, / Кылычты кармап эгешип, / Жаткан экен белесте, / Найзанын учун бүлөшүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →