кайнене
- Аялынын энеси (күйөөсүнө карата), күйөөсүнүн энеси (аялына карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбачадан кеп угуп, / Кайненеси баатырдын, / Эркек бала тууганын, / Сүйүнчү деди перилер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Зулпукан келин, кулак сал, / Ургаачы туруп шай колдоп, / Ааламга аты угулган, / Кайненем ошол жерде бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ар-намысы айалдын, / Айрыкча башка жаралган, / Каынкей энем жардам бер, / Уруксат берсе кайненең, / Чоң энем Чүрөк өзүң кел, / Кумсар сыйкыр, шум канчык, / Душмандын баары жамдашып, / Мен жыгылсам бул жерде, / Таласка жетип бармакчы, / Эр Кененим уулуңа, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Арбагы ашкан кыргыздан, / Кыргыз түгүл көп журттан, / А дүйнөгө кеткен кайнатам, / Акылы тунук төрөнүн, / Бейжинге жөнөп жатканда, / Семетейди кайненем, / Алып барып көрсөтсө, / Чын ачуусу келгенсип, / Алпар ары деп айткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Кокуй, конок аке, айып этпей тура кал, кайненем катуу киши эле, каарданып келе жатат, – деп үй астындагы ордун оозун ачат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →