кайнатма

китептерде 11 жолу, 6 китепте
  1. Кайнатуу жолу менен алынган, кайнатып даярдалган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тапшырып Кенен баарыны, / Кырма кызыл дарыны, / Кайнатма кара дарыны, / Катырып койгон сарыны, / Адырашман, эрменден, / Жашыл мийа дегенди, / Кылтырык арпа, медийан, / Ошолордун баарынан, / Даны бар чөптөн чогултуп, / Жетимиш эки уруудан, / Чогулутуп туруп катырды, / Күндө берип үч талдан, / Бактыбайды бактырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Суу өгүзүнүн терисин, / Алып келип жабышып, / Таш баканы табышып, / Боорун жарып алышып, / Сууга эзип коймолжун, / Бар жарага чабышып, / Кырма кызыл дарыны, / Кайнатмак кара дарыны, / Керек деген баарыны, / (Кем-керчи жок табылды) / Каратып туруп жанына, / Аксакал кары Бакайды, / Жарага бүткүл чабылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жакып байдын Туучунак, / Сыргак кармап миниптир, / Сыздырып жолго кириптир, / Келер иштин бардыгын, / Ойлой жүрөт Каныкей, / Керек болор эмесин, / Камдай жүрөт Каныкей, / Эбеп, себеп дары бар, / Апы-сапы дагы бар, / Кырма-кызыл кыйын бар, / Кайнатма кара жана бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайнатма кара дарыны, / Кадага чылап жаткырып, / Бугу, кулан сүтүнөн, / Кошо аралаш жасаган, / Кубаттуу нечен дарыны, / Өлчөм менен ичирип, / Сагаза гүлүн жыттатып, / Кызыл гүлдүн суусунан, / Дем албастан тамызып, / Таң атканча уктабай, / Шамды жарык жагышып, / Көкбука, Абыл, Жетилбай, / Тулпарларды багышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кайнатма кара дарыны, / Тышынан чапкан эптүүлөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →