кайната

китептерде 36 жолу, 7 китепте
  1. Аялынын атасы (күйөөсүнө карата), күйөөсүнүн атасы (аялына карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайнатама айткыла, / Эт көйнөгүн айабай, / Мага берсин кайнатам, / Кайненеме айткыла, / Сабыр кылсын ыйлабай, / Тынч жаткырсын жерине, / Нурфануну кыйнабай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жабдынып калды Сейитек, / Орусханга барам, деп, / Аңсаганым Гүлнарды, / Алып келе калам, деп, / Кайнатам Орус баласыз – / Эркек уулу жок экен, / Учурашып жанам, деп, / Каргалдайды баш кылып, / Жолдош алды үч киши, / Гүлчоронун Акбала, / Аны алып жанына, / Аттангалы жатканда, / Кабарга келди бир бала. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алты пирге кол берген, / Алты жол Кызыр жол берген, / Дегенин кудай оң көргөн, / Кайнатам Манас баатырдын, / Кадырын сыйлап күйгөнмүн; / Жети пирге кол берген, / Жети жол кызыр жол берген, / А дүйнө кеткен атаңдын, / Арбагын сыйлап жүргөнмүн, / Хан … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Быйыл Жусуп болуш деген кайнатасы менен шериктешип беш тешеге жакын апийим айдаптыр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Биз кайнатабыздыкына барбастан, ушул жерге жай салып туралы – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →