кайна
- Кайноо температурасына жетип ысуу аркылуу боркулдаган, шарактаган абалда болуу.
- Ачыганда, ачып күчүнө киргенде көбүрүпжабырып, көтөрүлүп туруу.
- Абдан ысык болуу, ысып кетүү.
- Катуу кызыган, күчөгөн абалга келүү, күч алуу, бака-шака түшүү.
- Аябай көп болуу, жык-жыйма, кыжы-кыйма болуп туруу.
- Кыжыры, жини, ачуусу ж.б. аябай келип, токтоно албай буулуккан, туталанган абалда болуу.
- Ташкындоо, толуу, күч алуу, көбөйүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…нына, / Найзаны күүлөп сундуруп, / Качырып кирди чамына, / Кудай бетин салбасын, / Таңгуттар чыдап тура албай, / Чакмакташтын каарына, / Казан асса бороктоп, / Кайначудай көрүнөт, / Көзүнөн чыккан жалынга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ачып көздү жумгунча, / Айта-буйта кылгынча, / Тарашанын кырына, / Чыгып барды чунагың, / Чай кайнатым убакта.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ешкен, / Чепечеп шаанын шаары ошо, / Кытайга бери аралаш, / Айтылып калган кеп ошо; / Бир карасаң агарып, / Жайнап жаткан мелтиреп, / Мылтыкка дары ичер туз, / Кайнатып жаткан шор ошо; / Бир карасаң карарган, / Кургакка деңиз кошулуп, / Кайсы экени билинбей, / Күлгүн тарткан кеп ошо; / Салынып барган тумшукта, / “Инжилди” көмг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колунда барлар тура албай, / Семетейдин алдына, / Кунан байге чаптырып, / Күмбөздү тайып түлөөгө, / Коондой бээни жардырып, / Ак бозунан алдырып, / Ай тамактап чалдырып, / Кемегесин каздырып, / Көп казанды астырып, / Калбай кыргыз көп келди, / Кара курттай кыжылдап, / Бар казанда май кайнап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Отту чындап жактырып, / Отту чындап жакканда, / Ошондо казан кайнады, / Бала жолборс Семетей, / Кайнаганын байкады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →