каймана
- Бир нерсенин түз эмес, жанытма, өтмө мааниде берилиши, сөздүн жашырын мааниси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп Калдык катуу күүлөндү, / Коргондо жаткан баатырга, / Каймана сырттан сүйлөндү, / Жамгырда аккан кыйандай, / Бузулуп өңү түрдөндү: / — Мен хан Калдык айтамын, / Кулак салып угуңар, / Айтканды кабыл кылыңар, / Карап минтип турбаңар, / Аттангыла баарыңар, / Беш жылды болжоп кетти, деп, / Эндекей калды кыргыздар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ач багы, / Бооруна өңүр тагынып, / Колуна чек кап салынып, / Бутунда өтүк бийдана, / Көкшаалдап чеге кагылып, / Он сегиз менен отуз беш, / Ортосунда эчендер, / Каймана сырттан жалынып, / Бет маңдай келип сырдашса, / Бар дүйнөсү табылып, / Опколжуп жүрөк токтобой, / Кетүүчүдөй жарылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
– деп, / Каймана тыштан Агеркеч, / Басып жүрүп урушуп, / Караандыкка чыдабай, / Улам турат буулугуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →