каймал

китептерде 13 жолу, 6 китепте
  1. Беш жаштан өйдөкү ургаачы төө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жете келди Таласка, / Ак сарыбашыл жети кой, / Окшош таргыл эки уй, / Карача каймал сары төө, / Субай сурдан беш боз бээ, / Айта келди Манаска. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…, / Күзгү коңур салкында, / Жетип келди Таласка, / Кыргыздын баары жыйылып, / Куран окуп жатыптыр, / Сыйынып баатыр Манаска, / Айгыр сойуп, бээ сойуп, / Карача каймал төө сойуп, / Ак сарбашыл кой сойуп, / Жайа чыгар уй сойуп, / Казан асып, от жаккан, / Тулганын боору карарган, / Эркек-айал калбастан, / Барган экен тамам жан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…й эр үчүн, / Каарын сурап калуучу, / Үрбү менен Бокмурун, / Опсуз катуу шашылып, / Кол куржунга толтура, / Көп дүйнөсүн артынып, / Коногуна жесин деп, / Карача каймал төө алып, / Карбаластап барыптыр, / Карап койбой тартуусун, / Калча кебин салыптыр: / — Каадалуу бир немече, / Калдаңдайсың калп эле, / Чакырып мени ашыңа, / К… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айтканын Чүрөк билди эми, / Нике акы бир каймал, / Бир сарыпай берди эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…ген инегин, / Сүттүүсү менен сүрөгүн, / Кысыр эмген тай торпок, / Мындай малдан калган жок, / Тай, кунан, бышты, бууржунду, / Толтуруп нанга куржунду, / Карача каймал, ингенди, / Алып келген байкуш эл, / Колуна кайсы тийгенди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →