каймак
- Сүттүн үстүнө чыгып калган майлуу катмары, сүттүн коюлуп калган үстүнкү бөлүгү.
- Бышырылган тамак-аштын же башка бир суюктуктун үстүндө туруп калган катмары.
- өт. Кандайдыр бир нерсенин эң маанилүү бөлүгү, асыл, кымбат деп бааланган маңызы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Желелешип бээ байлап, / Казанда аппак май кайнап, / Сары кант, куурдак, бал каймак, / Канчалаган даамдары, / Дасторкондо түр жайнап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жүйрүн дөө качып кутулбай, / Манастан бери карата, / Келатат кыргыз ушундай, / Табакта сүтү чайпалып, / Каймактын чети бузулбай, / Жеңилип келген кишиден, / Эки жылы кысылбай, / Келбедиң, кытай ханы, сен, / Токсон миң аскер Тобукең, / Ошону топодой жууруп ким жеген?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сүт катыктап чай койду, / Каймакка бышкан токочтон, / Чагы менен жай койду, / Жарты киши тойгундай, / Керткен казы-жал койду, / Жатар ашы балдардын, / Ошол эле болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Балдары майга карабай, / Келиндер каймак жалабай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Отуз миң болду санаатың, / Капакка салып бал алгын, / Каймакка бышкан нан алгын, / Субайын бөлүп ылгагын, / Келерки жылы текеде, / Суусамыр барып жай алгын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →