кайкаңда
- Кайкаң-кайкаң этүү, белин кайкалаңдатуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кызылкыздын сыйкыры, / Кыргызды басып бараткан, / Кырааным Асыл баламды, / Жандан тойуп жараткан, / Кара белдин кайкаңда, / Алды керүү тайпаңда, / Карап турсам Асылды, / Ак куу болуп кубулуп, / Канатын күүлөп бой уруп, / Айчүрөк энем бараткан, / Кылып көнгөн өнөрүн, / Каадасындай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жалаңгыч Сарык жаш бала, / Чыга калса кайкаңдан, / Кыбыраган кара курт, / Чыккан аскер тайпаңдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эки каштын ортосу, / Желе тарткан кайкандай, / Өгүздөй мойну буркуйуп, / Булчуң эти чарадай, / Карчыганын балык эт, / Кысыр энди танадай, / Туурасы жоон орто бой, / Адамдан башка түрү бар, / Алп мүчөлүү колтогой, / Төбөсү жалпак башы чоң, / Эч нерсеге окшобой, / Булкунуп турат Каамурут, / Байлоодо туруп токтобой,.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Мойнуна каргы илгенде, / Үчөөнүн колу тийгенде, / Эркелеп ойноп кайкаңдап, / Кадимкидей акактап, / Семирип тайган толуптур, / Семетей бардай болуптур, / Куу тайган жарган кулжаны, / Эр Гүлүстөн сойуптур, / Кулжа эки-кой эти, / Төртөө мыктап тойуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эки жубай куу тайган, / Кайкаңда калдың жолугуп, / Ушул күнү төрт болдук, / Адам-айбан жоголуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →