кайкаң1
- Эки жагы бийик, көтөрүңкү, орто жери кайкы келген, кайкайган жон, бел, кыр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калдыкты кайдан табам, деп, / Алдырап чыкты кайкаңга, / Бурут качан чыгат, деп, / Турган экен хан Калдык, / Туурасында тайпаңда, / Сүр көрсөтүп буруттун, / Чыкканын көр акыр, деп, / Маңгыттап Калдык бакырды, / Кы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайкаңга чыга калганда, / Тилге кирди Кеңкула: / — Э, Кененим, кулак сал, / Эрдигиң бар эсиң жок, / Эчтеке менен ишиң жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жолу катып Кененим, / Жолборс жүрөк береним, / Салаңдатып оң бутун, / Олбуй-солбуй камчылап, / Алдындагы Кеңкула, / Омбул-домбул түйүлүп, / Ачып көздү жумгуча, / Чиктей аткан Кайкаңга, / Салып жетип караса, / Милтеге койгон чогу бар, / Жолум үйдөй болжолу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →