кайкала
- Чалкасын карай ийилип, кайкайган абалда болуу (мис. бел, колдун башы ж.б.).
- өт. Менменсинип бой көтөрүү, мыктысынуу.
- Мелмилдеп, учу-кыйры кең көп болуп көрүнүү.
- Көйкөлүп, сеңселип туруу (эгинге ж.б. карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Өңшөйбөй басчы кайкалап, / Көп чалдардын көзүнчө, / Чандырбастан чалкалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жер түбүнө кирсе да, / Бурулбастан мен барып, / Асманга учуп кайкалап, / Таманыңан тартпасам, / Жерге кирсе темселеп, / Көкүлүнөн тартпасам, / Кененим атым курусун, / Жакшы эмес, Саламат, / Сенин мындай турушуң, / Чаар толуптур к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ойротто жок эр Чубак, / Опол тоодой кайкалап, / Жой болот кылыч-зулпукар, / Сууруп кындан алыптыр, / Суудай канын агызып, / Шумдуктуу уруш салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аркайган нечен тоо калды, / Айнектей нечен түз калды, / Аккан адыр суу калды, / Кайкалаган бел калды, / Караңгы токой чер калды, / Адыр-адыр жер калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кайкалаган кара бет, / Кырк кызга жетип барды эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →