кайкакта

китептерде 6 жолу, 2 китепте
  1. Көкүрөктү керип, кайкая тартып жүрүү, короздоно чалкалай басуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ойун салып керүүдө, / Ойногон төөдөй тайтактап, / Улам бойун түзөтүп, / Тура калып кайкактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Белдүү баатыр сегиз баш, / Ары кетип кайкактап, / Бери келип тайпактап, / Көөдөндү керип чалкактап, / Үйдөй болгон бир ташты, / Алмак болду чапканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Асман менен Нурфану, / Калкып учуп кайкактап, / Түндү улап түн учуп, / Эртеси күнү шашкеде, / Көйкапка барды чалкактап, / Атасы кармап колунан, / Энеси ыйлап кучактап, / Көзүнүн жашы буурчактап, / Аманбы деп Бекбача, / Күйөө жагын көп сурап, / Айкөлдүн салган күмбөзүн, / Көрдүңбү балам? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кээ бир аттын ээлери, / Жерге батпай кайкактап, / Кошоматчы андан көп, / Жарыша чапкан далбактап, / Дайынсыз сүйлөп көбүрүп, / Оозун тынбай жалжактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Үч чайанды көтөрүп, / Кайкактап учту көкөлөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →