кайкай

китептерде 11 жолу, 8 китепте
  1. Белди кайкалатып, башын көтөрүп, чалкалай басуу же туруу.
  2. өт. Бой көтөрүү, менменсинүү, теңине албоо, теңсинбөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ат байгесин алышып, / Жандай чаап канчасы, / Соогат сурап жанашып, / Ырчылар ырдап жабырап, / Ат менен ээсин жамактап, / Ар экөөнү тең мактап, / Чирене тээп кайкайып, / Кирип келет жалтактап, / Ырчынын антип жүргөнү, / Азын оолак мал тапмак, / Ат ээсинин көөдөнү, / Чыга түшөт чалкактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Эрегишкен Тапан хан, / Элди кайдан айаган, / Эркек киндик, жаш айал, / Аскерге баарын айдаган, / Жердин бети жык толду, / Аскер менен кайкайган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айсалкынга Айчүрөк, / Алдырып келип сандыкты, / Сандыктан алды бир даары, / Чайкатып чанач кымызды, / Ал дарыдан салганы: / — Байлап койгун чаначты, / Таза жууп белендеп, / Тайарлагын айакты, / Катындар келет кайкайып, / Элечеги каркайып, / Кемпирлер келет тепейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кайкайа түшүп бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жөлөңкөнү бастырып, / Бото мойнок бел экен, / Караанын көрүп баланын, / Жактырып турган жер экен, / Кайкайып Талас жык толуп, / Карап турган эл экен, / Кыжы-кыйма кыжылдап, / Кыз-келиндин кени экен, / Кара кашка мингени, / Кай тулпардан кем экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →