кайдан-жайдан

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Белгисиз себептен улам, заматта, андан-мындан, арыдан-бери, ар кайсы жактан, ар тараптан пайда боло калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Ошондо кайдан-жайдан жеткенин билбейм, бир кезде асмандан далпайган бир жору тик ылдый шорголоп түштү да мен кыйкырып жеткиче болбой, мындай узап, жайылып бара жаткан каздын бир баласын лып этип илип алып, шып этип атып чыгып кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошол убакта кайдан-жайдан экени маалымсыз: Сайды бет алдыра беш-алты ирет чуулдатып мылтык атылды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бул ордо жаткан Шааысмайылга кайдан-жайдан тамак таап, күчүк алпарып таштай берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– деп үшкүрдү эле, кайдан-жайдан экени белгисиз ак сакал чал пайда боло калып: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →