кайдан

китептерде 384 жолу, 10 китепте
  1. Кайсы тараптан, кай жерден экендигин, кайсы жактан келгендигин, кантип, эмне себептен пайда болгондугун ж, б. суроо, аныктоо үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жапандан алат жасоолду, / Аралдан алат адамды, / Ар кайдан табат андайды, / Аралап кирип четиңден, / Айабай бүлүк салбайбы, / А, көрөкчө бурутту, / Койбой талап алалы, / Капка тигип жанайлы, / Коктукат алып баралы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Азабың айдап келипсиң, / Менден кайдан кутулдуң?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Алмамбет уулу эр неме, / Тайбуурулду чылбырдан, / Таамай жетип алды эле, / Мамындай кебин салды эле: / — Мен Гүлчоро, сен Буурул, / Казакка кеткен тартууга, / Кайдан келип туш болдуң, / Абакем салган Акшумкар, / Абам колго түшкөндө, / Агыткан экен Айчүрөк, / Эми кайдан келип туш болдуң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ал таноосун дердендетип оозун ачып, ары-бери ооналактап жатканда, кайдан келгени белгисиз кара бүркүт шукшурулуп кирди да, балыкты зооканын үстүнө көтөрүп барып жей баштады. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →