кайдагы
- Жок экендикти, болбогондукту билдирген терс маанини күчөтүү иретинде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ачык билчү жерлерин, / Анык билчү белдерин, / Иле, Текес турмайлык, / Кара кырым Кангайдын, / Ар кайдагы элдерин, / Уйчу кулуң, — деп айтат, / Анда кыйаз муну айтат: / — Уйчу мында келсин, — деп, / Гүлчорону кычыртат, / Гүлчорону көргөндө, / — Көптү көргөн кул эле…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошондуктан кайдагы жем издеген Чоңколдой стражник, пристав, песир, бий, болуш дебей кезек-кезек ушундай жыйналып, баш кошуп алып жемге тоюп жата беришчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Экинчи чыкпачудай мунарып батып бараткан күн ого бетер таасирленип алда кайдагы өткөн күндөр эске түшүп, дүйнө бир пулдук көрүнүп, өмүрүм түштөй элестеп, алдымда бирдемелер каршы туруп алгандай болор эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Казак кыргыздын айылын аралап жүргөндө да, непир дандырдай болгон ак үйлөрдөн кур чыгып кайдагы бир үтүрөйгөн жаман үйлөр берер эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эл батпай баягыдай чогулду, келген кишилерди хан көрүп "бу кайдагы эл" деп чочуду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →