кайда
- Нерсенин турган ордун, жайын, кайсы жерде экенин ж.б. аныктоо, суроо үчүн колдонулат.
- Бет алган жакты, бара турган багытты, жерди ж.б. суроо үчүн колдонулат.
- Болууга мүмкүн эместикти, жок экендикти билдирген терс мааниде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңгыт калдык кеп баштап: / «Уйалба Курчун деп баштап, / Кыргыз деген эл экен, / Аба ачык, суу тунук, / Тоо бойлоп жүрүп ар кайда, / Тили тактын бири экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кеңгиреп ыйлап ар кайда, / Чогулуп өлүп алалбай, / Казып жерге кире албай, / Өлөйүн десе жан таттуу, / Кирейин десе жер катуу, / Ыйлабаса мал таттуу, / Таттуу эмей неткени, / Көрүшпөгөн көрүшсө, / Аманбы деп мал-жаның, / Мурун айтып мал жагын, / Ал сураша кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чакырып келип Сынчыны: / — Калк башкарган сен, — деди, / Кана, кайда ат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жайытта уйдун богунан, / Томолоктоп кургатып, / Кылга тизип тагынат, / Ошентип жүрүп ар кайда, / Көрүнүп элге далайга, / Түбү жок зандим бир жерге, / Түшүп өлдү жеркуйга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Үйүң кайда?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →