кайгыр

китептерде 88 жолу, 10 китепте
  1. Капа болуу, кайгылануу, убайым тартуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баатырдын уулу эр неме, / Баш булгап жоодон качпаган, / Бала жолборс шер неме, / Сүйлөсө тили так эле, / Сөз билги жайы бар эле: / — Капаланып кайгырып, / Катын-балаң, казактан, / Кайда бардың айрылып? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
- / Каңырык түтөп каңгырап, / Хан Манас боздоп турганда, / Кайран катын Арууке, / Калдайган кара башында, / Кабыланга айтты андан: / — Кайгырба, баатыр жолборсум, / Кайрылбай кетсе сиз жакка, / Алмамбет, Чубак, жолдошуң: / Атадан бирге эгизиң, / Сыргак кетсе дүйнөдөн, / Эч өөнү жок тегизиң: / Дагы эле … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чыныңда айтсаң жашырбай, / Бул олтурган көпчүлүк, / Өткөн ишке кайгырбайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— / Кайгырган болуп Канчоро, / Кастыгы бар, ит чоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Эми кайгырганда не, кайгырбаганда не... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →