кайгылуу
- Кайгы-капасы бар, кейиштүү, убайым тарткан, кайгыга баткан.
- Кайгы тарттырар, кейите турган, жамандык жагы бар.
- Кайгы менен өткөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жесир кылып катынын, / Жетим кылып балдарын, / Кайгылуу кылып калганын, / Муңдуу кылып тууганын, / Кубанчы берип душманын, / Өз ичине кетирди, / Темир шаанын бушманын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Төрага болуп турчу элем, / Төбөсүндө бул элге, / Кыргыздын угуп кабарын, / Кайгылуу болдум бир демде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көк жал Манас кошуну, / Жайыкка түшүп олуттуу, / Кайгылуу чууну чыгарып, / Каратып койду туш-тушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жаркынын көрбөй уулуңдун, / Жабырым тартып муң басып, / Кан жутуп ичтен зар какшап, / Карып калган чагыңда, / Кайгылуу болуп калдыңбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Ошонун жалгыз ооз сөзүн билбесем да, ысыкта мемиретип салган кайгылуу, заардуу, жетим обону менин жүрөгүмдү козгоп, анын мазмунун ошончодон жалгыз өзүм түшүнүп тургандай болом.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →