кайгуулчу
- Айыл кайтарган атчан адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келе жатып алдастап, / Алдыман көрдүм үч киши, / Кайгуулчу экен өлдүм, деп, / Көмөскөнү самадым, / Доошуңузду укканда, / Көзүмдү ачып мен көрдүм, / Тоодой болгон өзүңдү, / Көлөкөңдү, тайганды, / Үч киши деп көргөнүм, / Ажалым жок экен деп, / Эми кантип өлөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайгуулчусу мен элем, / Ханыбыз калды оорукта, / Хандын аты Семетей, / Күн батыштын элдерин, / Бучкагына теңебей, / Артык туулган багы бар, / Адамзаттан ченебей, / Өлөмүн деп душмандан, / Ойлоп койбойт кенедей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ар үзүлүп, / Кеткен жок аттан түшүрүп, / Бирин бири алган жок, / Ойлогон ишин бүтүрүп, / Жай- жайына жанышты, / Аңгычакты кеч кирип, / Жесекчилер жер сактап, / Кайгуулчу, изчи – баарысы, / Милдеттерин алышты, / Агарып таңдын атышы, / Коросон, испан элдери, / Аттанып чыкты болжолу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Төлгө тартып көрчүүнү, / Алдынан айтып берчүүнү, / Из кууганда жазбасты, / Бир-бирин жаза баспасты, / Ылгап туруп шуларды, / Кайгуулчуга атказды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Мен келгени бу жерге, / Отуз күнчө болду эле, / Мындай неме жок эле, / Кайгуулчубу жол чалган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →