кайгоол
- эск. Кароол, чалгын, күзөт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каршы келсе адамга, / Как жүрөктөн тутат, дейт, / Кара ташты чайнаса, / Жумшаган нандай жутат, — дейт, / Кайгоолу деген жана бар, / Бир жагында канат бар, / Бир жагына карасаң, / Канаты жок мулжуйган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Туңшанын жери кең эле, / Тогуз жолдун тоому эле, / Бөрү-койдун чаркы эле, / Кайгоолчу келсе жатчу эле, / Так кырк күнү турабыз, / Күндө болгон кабарды, / Кулак түрүп угабыз, / Бейжиндик берген кыз болсо, / Андан башка иш болсо, / Үрбү айткандай …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →