кайберен
- миф. Кийиктердин (жапайы эчки-теке, элик, бугу ж.б.) колдоочусу.
- Кийиктердин жалпы аты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бел болуптур Бекбача, / Абалаган таз кара, / Ашып учуп кеткисиз, / Томуруп адам жыга албас, / Тоо болуптур Бекбача, / Кайберен басып өткүсүз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
чөө атып, / Ийри мойун төө атып, / Мастан айуу дегенден, / Төрүнөн атып сулатып, / Текесин таштан кулатып, / Кулжаны тандап атышып, / Курбуга койуп чубатып, / Кайберенди талкалап, / Капчыгайга сулатып, / Сонундардын терисин, / Сойдуруп алып Кубатай, / Балбандарга жыйнатып, / Илбирси бар, бөрү бар, / Ал жердеги бөрүнүн, / Бойоп …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Отуз күн жатып адырда, / Кайберенден уу уулап, / Ителгисин куу-куулап, / Ит агытып акырык, / Тоо жаңырган бакырык, / Талаада жүрүп, деми сууп, / Жетисууга кетмекке, / Аттанып чыкты чубуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кайберендин пири урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Эки тайган аргымак, / Ээси үчүн камданды, / Элүү күнү жеткендей, / Кайберен эти камдалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →