кай
- «Кайсы» деген сурама ат атоочтун кыскарган, өз алдынча колдонулбай, башка сөздөр менен айкашып (кай бир, кай жер, кай жак) айтыла турган формасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Байыркылар кеп салат: / “Баатыр Манас арбагы, / Узартып айтсак ар жагын, / Кыйамат кайым болгунча, / Кыргызды колдойт” – деп салат; / Карыйалар кеп салат: / “Хан Бакай менен Каныкей, / Эр Семетей, Гүлүстөн, / Тулпар минип, туу кармап, / Өлбөй тирүү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ргытып, / Кете берсем ыргытып, / Эндекей элге убал, — деп, / Эми эле мени кырам, — деп, / Карапайым букара, / Ханы жарлык кылганга, / Калбай келет бүт мында, / Кай муратка жетемин, / Карандай элди кырганга?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…р-катар тамы бар, / Калың эмес, жок эмес, / Орто-карта багы бар, / Айландыра карадым, / Айра биле албадым, / Элеси көзгө көрүнөт, / Түндүк жакта жана тоо, / Ал кайериң Алмамбет, / Кабарың айтчы сен ошо?- / Алмамбет анда кеп айтат: / — Баарың көрдүң, үч баатыр, / Байкап уккун деп айтат, / Булуң тартып бурчтанган, / Мунарыктап …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каныкей айаш, Айчүрөк, / Айрылып барат кай жерге?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Кай бир күндөрдө жумуш кылып жүрүп конуп калып музоого ушул жерден туруп кеткеним бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →