казыначы
- Казына кармаган киши.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сары улагын таптырып, / Садагасын кактырып, / Казыначы куу жигит, / Кашына Манас чакырып, / Чоң куржунун ачтырып, / Кырк миң кызыл алтынды, / Кымбаты үчүн чачтырып, / Бедерлүү тонун кийгизип, / Кан экенин билгизип,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эртең менен болгондо, / Эл жайыкка толгондо, / Казыначы куу жигит, / Чимирик болгон кол ийик, / Кашына Каныш ээрчитип, / Кайырма жака киш ичик, / Желбегей Каныш жамынып, / Эки жеңи салынып, / Казына оозу ачылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →