казыналык

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Өкмөттүк, казынага таандык, мамлекеттик.
  2. экон. Финансылык, салыктык. Мамлекеттик кирешелерди аккумуляциялоого болгон карым-катыштар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ши эле, / Тойгуча жеди тамагын, / Алмамбеттин акылын, / Байкап эми карагын: / — Ырчы уул, Бозуул баатырлар, / Аттанып жолго салыңар, / Төө башына төрт аркан, / Казыналык нарлардан, / Үстүндө кому барлардан, / Буйласы жез танаптан, / Алтымыш нарды белендеп, / Күн чыгар маал келгин, — деп, / Андан башка баатырлар, / Бир үйгө батк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…нутуп калам деп санап, / Береки душман Сейити, / Беш күндөн кийин кетсе деп, / Таамай он күн жол жүрүп, / Болжогон чөлгө жетсе деп, / Калкына кылып жардыгын, / Казыналык кызыл нар, / Тандап онду алдырып, / Азык-түлүк зар артып, / Ар буруудан тон артып, / Жөнөтмөк болуп узатып, / Кетээрге жакын кез болуп, / Эр Сейити жаш арстан,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айлантып ойлоп ааламды, / Кыйаздын ичи кызыл чок, / Канчоро туруп мунарда, / Чачыкей менен кеңешип, / Элге айтты бу кепти: / — Казыналык нарларга, / Алтын, күмүш-зар артып, / Асыл буйум дагы артып, / Кыйазга жүздү берели, / Жеринен жазбас жоргодон, / Санап миңди берели, / Кыздан таңдап элүүнү, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жадаганда ак кардуу мөңгүнүн арасын ыраа көрбөй, казыналык деп алып коюп, туяк кат алды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бирок ошол карагайлуу тоолор да бизге тийбей, кийин казыналык болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →