казык
- Малды же башка бир нерсени байлоо үчүн жерге кагып коюучу учтуу кыска темир же жыгач.
- өт. Жөлөк, таяныч, бала, перзент.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ним, / Баарынын канын агызса, / Алты урук келсек чогулуп, / Эми неге келдиң, деп, / Теңдик кепке келбесе, / Тентек уулу Асылды, / Күүлөп бизге жиберсе, / Карың казык болгуча, / Башың жастык болгунча, / Кан төгүшүп урушуп, / Теңешели кыргызга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Деп күркүрөп бакырып, / Кырк алты шаар Коросон, / Кырк алты киши чаптырып, / “Казык киндик калбасын, / Келбей жатып албасын / Келген киши жөн келбей, / Үчтөн жарак кармасын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…астырып Алмаң калганы, / Киши көрүп койот, деп, / Эр Чубакты Алмамбет, / Бир шаштырып салганы, / Көз жеткис айкын талаада, / Куу казык деген бир тоо бар, / Куу казыктын башында, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Тегерегин караса, / Алоокенин Коңурбай, / Жыйырма батман туулгасы, / Кийип алып туруптур, / Кыймылдаган көп киши, / Жиг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карым казык болгончо, / Башым жаздык болгончо, / Биз турабыз кебелбей, / Сейитимдин алдында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Катар баарын байланып, / Каар жүзүнө айланып, / Ачып оозун эстенип, / Мас болгон нардай кеңгиреп, / Эми жеңип алам, деп, / Эт жүрөгү элжиреп: / “Чокмор менен чабайын, / Чокудан жерге казыктай, / Тикесинен кагайын, / Андан кийин кыргызды, / Такыр талап алайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →