казы2
- Казатка катышкан адам.
- Мусулман башкаруучуларынын казатта (газавата) эрдик иштери үчүн алган ардактуу титулу.
- Сурак жүргүзүүчү адам – сот.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай камчы бир салат, / Бөрү тилдүү өткүр курч, / Найзасын күүлөп булгалап, / Казыдай мойну узарып,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колумдан келип турганда, / Чубактан калган чунак деп, / Казы кесип жегиздим, / Жетимдигиң билгизип, / Качан башка дегиздим?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Суур казган ийин жок, / Буурусун чийген чийин жок, / Кыйан жеген кемер жок, / Жер казыгы теги жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жүз камчыласа чым этпеген, казысы көнөчөктөй бир кашка айгыры болучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Казы бул ишти байкабай жүрө берди, ары өткөн, бери өткөндөр шылдың кылышып шермендеси чыкты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →