казгана

китептерде 2 жолу
  1. Керме – катарлатып ат байлоочу жай.
  2. Жардануу, катар туруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Кыйкырып койчу заңкылдап, / Азоону минип жылкычы, / Жин тийгендей шалкылдап, / Бөрүнүн үнү угулса, / Атылып мылтык тарсылдап, / Эшигинде байлардын / Ат котолоп казганат, / Бай балдары жалтылдап, / Күмүштөн кемер курчанат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Киши өлсө сөөгүн сыйлашып, / Чогулуп келип ыйлашып, / Казганаттап үй тигип, / Кермеге атын байлашып, / Мөөрөйгө сайып көп дүйнө, / Күлүк атын айдашып, / Жабырап ырчы ырдашып, / Сайыпкер атын сындашып, / Атың чыкты, соогат, де… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →