казанчы

китептерде 14 жолу, 5 китепте
  1. Казан жасаган уста.
  2. Тамак-аш жасаган, казан кармаган адам, ашпозчу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өпкөсүн кармап колуна, / Байбичеси Зулпукан, / Баш казанчы Калемкаш – / Баарысын мунун жалбартып, / Утуру чыгып, Шоорук хан, / Өзүңдөн бетер мени сен, / Эми койдуң саргартып! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…асоол болуп калмакка, / Кыргызга келип кол салып, / Бай болом деп жылкысыз, / Арбын малын олжо алып, / Күң кылам деп,кыздарын, / Уулдарын кулданып, / Катындары казанчы, / Эркектери мал бакчуу, / Коросон менен испандык, / Биз элек жыргап жай жатчуу, / Эми капканга келип түшүппүз, / Кыпкызыл болуп кан акчу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бакдөөлөттү ала элек, / Казанчы кара күң эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Энчиге беш жүз жылкы айдап, / Отуз төөгө жүк камдап, / Отунчу менен казанчы, / Санаты жыйырма экен, дейт, / Чоңтескей келип конду, дейт, / Бир бала келди кабарга, / Маа айтканы ушул кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жумуш кылчу казанчы, / Сарытаз деген бар эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →