казандай

китептерде 19 жолу, 10 китепте
  1. Чоң, көлөмдүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Куйругунун учунда, / Чокмору бар казандай, / Шерлер чыкты чакчайып, / Саамайы жерге сүйрөлүп, / Айуу чыкты саксайып, / Илбирс келет имелип, / Куйругу жерге сүйрөлүп, / Камандар келет курсулдап, / Тумшуктары түйрөйүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Агыны катуу корум таш, / Алты жерден айрылды, / Казандай болгон кайран баш, / Бир колу сынып коройду, / Бир буту сынып чолойду, / Тору ат тиштеп тартканда, / Үзүлүп кетип кулагы, / Башы сонун молойду, / Колу менен буту жок, / Кулагы жок молойуп, / Бүткөн бойдо бүтүн жок, / Түшүп кетти кудукка, / Өтө терең түбү жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Башымдагы туулга, / Казандай кара темирден, / Кара бойу кем эмес, / Кара тоонун сеңирден, / Баса мени жыгылса, / Кыймылдаткыс көрүнгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Башын сыйпап койгон жок, / Жалганда мындай балбан жок, / Коргошун менен колодон, / Эритип туруп куйдурган, / Чоң казандай Чойунбаш, / Опколжуп келип урганда, / Омурулуп кетүүчү, / Нечен сеңир урчук таш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Гүлүстөндү караса, / Далысынын үстүндө, / Казандай кара калы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →